Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Туризмди өнүктүрүү фондунун 34 долбоорун сунуштады

Бул фонддун уставдык капиталы 1 миллиард сомду түзөт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго  «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коому 34 долбоорду сунуштады.

Уюмдун президенти Елена Калашникова Фонддун 2022-жылга карата пландары тууралуу айтып берди.

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылы 34 долбоор ишке киргизилет, анын ичинде 10 инфраструктуралык долбоор, 9 маалыматтык долбоор, ошондой эле туризм секторунун тутумун түзүү боюнча долбоорлор, ата мекендик туризм индустриясын жакшыртууга жана тармакка инвестиция тартууга багытталган ченемдик укуктук базаны өнүктүрүүгө байланышкан долбоорлор бар.

Белгилей кетсек, уставдык капиталы 1 миллиард сомду түзгөн «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондун түзүү жөнүндө» чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх