Замир Жоошев: Нурбек Токтакуновду үйдөн күч менен алып чыгып, камап салышкан (видео)
"Ага адвокаттар менен байланышууга мүмкүнчүлүк да берилген эмес"
Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери жактоочу Нурбек Токтакуновду күч менен алып кетип, абакка камады. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев Фейсбук баракчасына билдирди.
«Ага адвокаттар менен байланышууга мүмкүнчүлүк да берилген эмес. Бул окуя тууралуу саат 11:00дөр чамасында билдик.
Андан соң РИИБдин имаратында Биринчи Май райондук сотунун мыйзамдуу күчүнө кире элек чечими менен абакка кесилген, ага ылайык кечээ судья Убайдулла Сатимкулов адвокатты "эч ким эмес" деген сөзү үчүн «судьяга майда бейбаштык кылган» деген айып менен күнөөлүү деп тапкан..
Белгилей кетсек, кечээ милиция кызматкерлери Токтакуновду кармалбайт деп айтышкан . Ал кадимкидей үйүнө кетти.
Видеонун башында Токтакунов менен милиция кызматкерлери анын батиринин эшигинин алдында турушат. Ал эч жакка жашынган эмес, батиринде болгон», - деп жазган Жоошев.
Эске салсак, бир күн мурун Бишкектин Биринчи Май райондук соту Нурбек Токтакуновду судьяларды кемсинткени үчүн камакка алуу чечимин чыгарган.
Андан соң Токтакуновдун жактоочулары Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылышкан. Шаардык соттун чечими чыкканга чейин жактоочу сот залынан бошотулган.
Медина Купсулдаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз