Эдил Байсалов: Алмазбек Атамбаевдин башка миңдеген соттолуучулардан эмнеси артык?
Өкмөт башчынын орун басары экс-президент өзүн мыйзамдан жана мамлекеттен жогору койгонуна нааразы
Вице-премьер-министр Эдил Байсалов экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүн мыйзамдан жана мамлекеттен жогору коерун билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жазды.
«2019-жылы сурактан баш тартып, куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн Кой-Ташта тополоң чыгып, анын натыйжасында спецназдын кызматкери набыт болгон жана башка курмандыктар болгон.
Эми ал бир нече айдан бери соттошуудан баш тартып жатат. Кандай укук менен? Ал миңдеген башка айыпталуучулардан же камактагылардан эмнеси артык? Ошондуктан эркинен ажыратуу, ошол себептен абак режими, камактагы адам соттун жана коштоочулардын талаптарына баш ийүүгө милдеттүү.
Мен А.Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана анын адвокаттарына эч кандай дооматым жок. Бирок эмне үчүн биздин укук коргоочулар абактагы А.А.нын кол тийбестигине жана эксклюзивдүүлүгүнө карата жалган сыйынууга адат кылып жатышат? Дагы бир жолу: ал миң башка соттолуучудан эмнеси артык же жогору?» Байсалов жазган.
Эске салсак, бир күн мурун Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери №47 ИК абагында жаткан Алмазбек Атамбаевге барышкан. Улуттук борбордун кызматкерлери экс-президенттин денесинен көк ала тактарды табышкан. Атамбаевдин айтымында, №47 ИКтин жумушчулары күч колдонуп, аны жылаңаяк сүйрөп, Бишкектин Биринчи Май сотунун имаратына алып барышкан.
Сүрөт www