Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Украинаны колдоо митинги башталды (фото, видео)

Акцияга элүүгө жакын жаран келген

Бишкекте Горький атындагы сейил багында Украинаны колдоо митинги өтүүдө.

Тынчтык митингине 50гө жакын адам келди. Катышуучулар КРнын гимнин ырдашты, ошондой эле Украинада курман болгондорду бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти.


Митингчилер “Согушка жол жок”, “Украинага даңк, баатырларга даңк” деп кыйкырып жатышат. 

 Эске сала кетсек, буга чейин ушундай эле акциялар Орусия элчилигинин имаратынын жанында болгон, бирок кийин Биринчи Май РИИБи 11-марттан 11-апрелге чейин Ала-Тоо аянтында, ошондой эле имараттардын жанында митинг өткөрүүгө тыюу салган. Сот бул тыюуну күчүндө калтырды.

Манас Көлбаев
Фото, видео vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх