Украинаны колдоо митингинин катышуучулары ортосунда мушташ чыкты (видео)
Жарандар Бажы биримдигине каршы кайрылууга кол коюшууда
Бишкекте Украинаны колдоо митинги өтүүдө.
Тынчтык митингинде катышуучулардын ортосунда оозеки кагылышуу орун алды, деп билдирет Vesti.kg сайтынын кабарчысы.
Эркектер "Рашизмге каршы" деген баннер менен турган аялга карата милицияны чара көрүүнү талап кылышкан. Андан кийин жаран плакатты алып салып, качкан.
Мындан тышкары митингчилер Бажы биримдигине каршы кайрылууга кол коюуда.
Ал арада жарандык активист Адил Турдукулов өз сөзүндө Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигин жабууну жана Орусиянын Биринчи каналын көрсөтүүнү токтотууну сунуштады. Ал ошондой эле өлкөнүн куткарылышы жана коопсуздугу үчүн ЕАЭБ жана ЖККУдан чыгуу маанилүү экенин белгиледи. Митингчилер аны кол чабуулар менен колдошту.
Манас Көлбаев
Медина Купсулдаева