Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Биринчи вице-премьер-министр Арзыбек Кожошев Казакстандын вице-премьер-министри Бахыт Султанов менен жолугушту

Тараптар кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын топтолуп калышына жол бербөө боюнча бир катар макулдашууларга жетишти

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын вице-премьер-министри – соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен видеоконференция аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө 16-февралда Алматы шаарында өткөн Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун 1-жыйынынын протоколунун аткарылышы, анын ичинде өз ара жүк ташуу, анын ичинде Кыргызстандын аймагынан Казакстанга, Россияга жана тескерисинче бара жаткан жүк ташуучу унаалардын өтүшү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бир катар макулдашууларга жетишти, анын ичинде жүк ташуучу унаалардын Казакстан Республикасынын аймагында кыргыз-казак чек арасында топтолуп калышына жол бербөө, эсепке алынбаган товарларды алып кирүүгө жана алып чыгууга бөгөт коюу боюнча биргелешкен чараларды көрүү, ошондой эле электрондук эсеп-фактуралар жок болгон учурда бул транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагына кайтарылсын.

Өз ара жүк ташуу чөйрөсүндө пайда болгон көйгөйлөргө мониторинг жүргүзүү жана тез арада чечүү максатында мындай сүйлөшүүлөрдү ай сайын өткөрүү чечими кабыл алынды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Фото министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх