Акылбек Жапаров республикалык эл каттоого катышты (фото)
Кабинет башчысы эл каттоочулардын атайын мобилдик тиркеме аркылуу берилген суроолоруна жооп берди
2022-жылдагы Республикалык калкты жана турак жай фондун каттоого бир күн мурун министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
Кабинеттин башчысы эл каттоочунун атайын мобилдик тиркеме аркылуу толтурулган суроолоруна жооп берди.
Жапаров жарандарды калкты каттоого активдүү катышууга чакырып, бул кампаниянын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Белгилей кетсек, калкты жана турак жайларды каттоо 25-мартта башталып, 2022-жылдын 3-апрелине чейин уланат. Республиканын алыскы аймактарында эл каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин жүргүзүлөт.
Акция биринчи жолу электрондук форматта мобилдик тиркемени колдонуу менен өтүп жатат, эл каттоочулар өз иштеринде планшет же уюлдук телефондорду колдонушат.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт www