ТИМ Руслан Казакбаев Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору Майкл Хармс менен жолугушту
Тараптар кыргыз-герман соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулашты
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Германияга болгон иш сапарынын алкагында Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору Майкл Хармс менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Германиянын экономикасынын Чыгыш комитети Германиядагы 350дөн ашык орто жана ири бизнес компаниялардын кызыкчылыктарын коргойт жана дүйнөнүн 29 өлкөсү, анын ичинде КМШ жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен иш алып барат.
Руслан Казакбаев маектешке президент Садыр Жапаровдун Кыргызстандын инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча жүргүзүп жаткан саясаты, мамлекет башчынын алдындагы Улуттук инвестициялык агенттиктин түзүлүшү тууралуу маалымат берди.
Тараптар кыргыз-герман соода-экономикалык кызматташтыгы, анын ичинде Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетинин аянтында кыргыз жана герман бизнесинин өкүлдөрүнүн ортосунда биргелешкен иш-чараларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.
Энергетика, айыл чарба, тоо-кен казып алуу сыяктуу өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттары макулдашылды. Өзүнчө саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагында кызматташуунун жаңы жолдорун биргелешип изилдөө боюнча макулдашууга жетишилди.
Кыргыз Республикасындагы экономикалык процесстерди талкуулоонун контекстинде Украинадагы окуялардын аларга тийгизген таасири каралат. Буга байланыштуу Руслан Казакбаев белгилегендей, Кыргызстан Украинадагы кырдаалды саясий-дипломатиялык ыкмалар менен жөнгө салууну жактайт, жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдү, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдүн ортомчулук аракеттерин кубаттайт жана бул максаттар үчүн өзүнүн платформасын берүүгө даяр.
Ал Майкл Хармсты Кыргыз Республикасына иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин Кыргыз Республикасына делегациясын, анын ичинде алдыда боло турган кыргыз-герман бизнес-форумуна катышуу үчүн жөнөтүү ниети ырасталды. Иш-чараны 2022-жылдын июнь-июль айларында өткөрүү боюнча алдын ала макулдашууга жетишилди.
Кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин түзүлүшү оң жагына белгиленип, анын биринчи отуруму болжолдуу түрдө май-июнь айларында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөрүлөт.
ТИМ басма сөз кызматы
Сүрөт ТИМдинбасма сөз кызматы