Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери эки браконьерди кармашты

Жарандардан 26 даана  балык алынды

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясы көлдүн сууларында браконьерликке бөгөт коюу боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүүдө.

Милиция кызматкерлери Тору-Айгыр айылынын жанынан мыйзамсыз балык уулап жүргөн эки жергиликтүү тургунду кармашкан. Жарандардан 26 даана ак балык алынды.


Бул факты Ысык-Көл облусунун ИИБнын РИИБге катталган. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси "Балыкка же суу жаныбарларына мыйзамсыз аңчылык кылуу же өндүрүү" боюнча кылмыш иши козголду.

Эксперттер келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 55 миң сомду түздү. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх