Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Гидрометеорология кызматы: Бишкек шаарында түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт

Мэрия айдоочуларды унааларын бактардын жанына токтотпоону суранат

Урматтуу шаардыктар! Гидрометборбордун маалыматы боюнча, жакынкы сааттарда жана күндүн экинчи бөлүгүндө борбор калаада катуу шамал күтүлүүдө. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды кырсыктарды жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бак-дарактарга жана жеңил объектилердин жанына токтотпоону өтүнөт.

Өзгөчө кырдаалдар учурунда 112 Куткаруу кызматына, борбор калаанын мэриясынын Call-борборуна 1840 жана 1850 телефондору боюнча күнү-түнү байланышып, 0554 -182-185 номуруна фото жана видео фактыларды жөнөтсөңүздөр болот.

Биз ар дайыма байланыштабыз.

Бишкек мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх