«Унаа» мамлекеттик мекемеси мамлекетке 7 миллион сомдон ашык зыян келтирген
Транспорт прокуратурасынын маалыматы боюнча, мамлекеттик мекеме Sigma Compact 200 көчмө асфальт заводун мыйзамсыз каттоого алган
Кыргызстандын транспорт прокуратурасы тарабынан Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жооптуу адамдары тарабынан кошумча нарк салыгы төлөнбөгөндүгүнө жана бажы органдарынын болгон чектөөлөрүнө карабастан, «Сигма Компакт 200» көчмө асфальт-бетон заводун мыйзамсыз каттоодон өткөрүшкөнү аныкталды. Анын натыйжасында мамлекетке 7 млн 803 миң 165,01 сом зыян келтирилген.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www