­
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жаңы дайындалган орун басары Бакыт Төрөбаев Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси менен жолугушту - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жаңы дайындалган орун басары Бакыт Төрөбаев Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси менен жолугушту

Энергетиканы өнүктүрүү маселелери талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын Туруктуу Өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөдө энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду өнүктүрүү, анын ичинде калктын социалдык аялуу катмары үчүн долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун башка актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар ошондой эле Бишкек шаарында 8-апрелде өтүүчү «Кыргыз Республикасынын энергетикалык секторун трансформациялоо» аттуу энергетикалык форумга даярдык көрүү боюнча уюштуруу маселелерин талкуулады.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх