Бишкекте социалдык кызматкерлердин республикалык кеңешмеси өтөт
Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык коргоо тармактарынын өкүлдөрү катышат
Бүгүн, 4-апрелде, Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин Республикалык жыйыны өтөт.
Өлкөнүн бардык аймактарынан билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык коргоо тармактарынын өкүлдөрү катыша турган иш-чарада республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.
Иш-чара КТРК жана республикалык телеканалдардын түз эфиринде чагылдырылат.
Түз эфир 10:00до башталат.
Президенттик аппараттын маалымат кызматы
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз