Октябрь окуясы боюнча Атамбаев күч менен сотко өткөрүлдү (фото, видео)
Мурдагы президенттен тышкары Фарид Ниязов менен Курсан Асановдор соттолууда
Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуясы боюнча соттук отурум өтүүдө. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева тастыктады.
Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевди сотко мажбурлап алып келишкен.
Кошумчалай кетсек, президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязов менен Ички иштер министрлигинин жетекчисинин экс-орун басары Курсан Асановдун үстүнөн сот иши жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 23-мартында Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко күч менен алынып келинген — экс-президент кар жааган аба ырайында бир футболка менен келген.
2020-жылдын октябрында Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Руслан Казакбаев жана башка бир катар саясатчылар Ала-Тоо аянтында тынчтык митингин уюштурушкан. Демонстрация учурунда Садыр Жапаровдун тарапкерлери менен кагылышуу болду.
Натыйжада жогоруда аты аталган саясатчыларга бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголгон.
Элдос Казыбеков
Фото vesti.kg