Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунун ИИББсы: Оң рулдуу унаалар сол рулдууларга караганда бир топ аз, бирок алар жол кырсыгына көп кабылышат

Оң рулдуу унаалардын кооптуулугу тууралуу дагы бир жолу милиция билдирүүдө

Оң рулдуу унаалар жүздөгөн кыргызстандыктардын унаасы гана эмес, тынымсыз талаш-тартыштардын жана талкуулардын предмети. Оң рулдуу унаалар жол кырсыгына көп кабылабы же жокпу?

Кыргызстанда оң рулдуу унаалар сол рулдууларга караганда алда канча аз, бирок алар жол кырсыгына көп кабылышат.

Чүй облусу боюнча Жол кайгуул кызматынын 2022-жылдын 3 айында эле, өткөн жылдагы ушул эле мезгилдеги анализине караганда, оң рулдуу унаалардын катышуусунда жол кырсыктары көп катталары белгилүү болду.

Жалпысынан оң рулдуу унаалардын катышуусундагы 102 жол кырсыгы катталып, анын 78и оң рулдуу унаалардын айдоочуларынын күнөөсүнөн болуп, 16 адам каза болуп, 221 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Ал эми бул статистика үстүбүздөгү жылдын 3 айына гана тиешелүү.

Адамдын омуру биринчи орунда, ойлонуш керек!

Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх