Равшан Жеенбеков: УКМК уулумду Кыргызстандан чыгарбай жатат
Оппозициялык саясатчы Next телеканалы тесттик режимде ишин улантканын билдирди
"Next" телеканалынын ээси, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жеенбековдун уулу Азат Равшанга Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына саясатчы өзү билдирди.
Анын айтымында, ушундай жол менен УКМК анын багытында кысым көрсөтүүдө.
- Жума күнү баламды суракка чакырышты, - деп эскертти Жээнбеков. - Ал Next TV телеканалына эч кандай тиешеси жок жана журналист эмес. Ал менин балам болгондуктан Кыргызстандан чыгууга тыюу салынган. Алар менин үй-бүлөмдүн мүчөлөрүн кошуп, уулум аркылуу мага кысым көрсөткүсү келет. Бул УКМКнын басым ыкмасы.
Мындан тышкары Жээнбеков бүгүнтөн тарта Next телеканалы тесттик режимде ишин улантканын кошумчалады.
- Биз башка кеңседен иштөөгө аргасызбыз, анткени мурунку иштеген жерибизге мүмкүнчүлүк жок, - деп белгиледи саясатчы. - УКМК муну тергөө аракеттери менен түшүндүрүүдө. Кошумча чыгашалар жана баш оорулар болду, бирок берүү маанилүү. 24-мартта сот телеканалды жаппоо чечимин чыгарган.
Эске салсак, ушул жылдын 3-мартында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Next телеканалына «Улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон.
Буга Казакстандын УКМКсынын мурдагы башчысы Алнур Мусаевдин Instagram баракчасына Кыргызстан менен Тажикстан Украинага өз аскерлерин жөнөтүүгө даяр имиш деген жарыясы себеп болгон.
Телеканалдын журналисттерин суракка чакыруу уланып, Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиев 3-майга чейин УКМКнын СИЗОсуна камалды.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www