Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ижарага алынган батирде адамды уурдап, кармап келген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды (фото)

Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалгандар «Дөө» аттуу криминалдык авторитеттин мүчөлөрү

УКМКнын кызматкерлери уурдоо, опузалап талап кылуу жана коркутуу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында 2-апрелде КР жарандары Э.Б., С.С. жана  А.М кармалган.

Буга чейин жаран О.Ю. физикалык күч колдонуп, анын тууганы М.У. Аны уурдап,белгисиз даректеги ижарага алынган батирде кармап келген уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адамдарга чара көрүүнү суранган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалгандар Чыңгыз Жумагуловдун («Доо» каймана аты менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобуна катышы бар.


Учурда кармалгандарга карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, бирөө УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх