Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте конуштардагы жер тилкелерине каттоо күбөлүгүн каттоодо алдамчылык фактылары көбөйдү

Жарандар расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранышат

Урматтуу жарандар! Бишкекте өз алдынча турак жай курулган жер тилкелерине техникалык паспорт алууда алдамчылык фактылары көбөйдү.

Эскерте кетсек, мындай иштер кыдыруучу мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүүдө. Адистер алгач экспертиза жүргүзүп, андан соң Техникалык паспорт даярдашат. Жер-жерлерде белгиленген график боюнча Кадастрдын 6 мобилдик тобу (18 кызматкер) иштеп жатат. Кадастрдын 4 мобилдик тобу (12 кызматкер) жеке режимде иштейт.

Жарандар ошондой эле түз эле Мамкаттоого кайрылып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз калтырса болот.

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн маалыматы боюнча, техникалык паспорттордун баасы жер тилкесинин конфигурациясына жана турак-жай курулушуна жараша 800 сомдон 5 миң сомго чейин өзгөрөт.

4-апрелге карата 8563 арыз кабыл алынып, 4269 паспорт берилген.

2021-жылдын 7-декабрынан тарта мобилдик топтор Жер-Ынтымагы (69 га) жана Жер-Ынтымагы конушунда ишин баштады.

2021-жылдын 13-декабрынан тарта Ала-Тоо, Дордой, Арча-Бешик, Керамическая, Төкөлдөш, Ак-Ордо, 2-Черепки, «Кара-Жыгач», «Кара-Жыгач» конуштарында ЭКСтин текшерүүсү боюнча алдын ала жарыя кылынбаган негизде иш алып барууда. “Тынчтык”, “Учкун”, “Ак-Тилек”, “Ак-Тилек-2”, “Алтын-Ордо”, “Кызыл курулушчу”, “Мурас-Ордо”, “Балбан- Таймаш”, “Рухий-Мурас” , «Аск-Таш», «Ак-Босого».

Эске салсак, техникалык паспортту даярдоо легалдаштырууга укук бербейт, анда кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтар гана камтылган. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.

Урматтуу жарандар! Расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранабыз. Мыйзамсыз аракеттерге күбө болгондор болсо, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 0312 437175, 0312 437168 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөбүз.

Даярдоо, техникалык паспортторду берүү боюнча акимчиликтерге кайрылыңыз:

- 65-69-07 - Ленин району;
- 62-35-17 - Биринчи Май району;
- 57-74-81 - Октябрь району;
- 36-03-11 - Свердлов району.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх