Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башкы прокуратура мамлекетке 1 миллиард 288 миллион 728 миң 128 сом зыян келтирди

Көзөмөл органынын жетекчиси аткарылган иштер боюнча ЖКнын тийиштүү комитеттерине маалымат берди

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттердин биргелешкен жыйынында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушевдин отчету угулду.

Анын айтымында, мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган уюмдарда 7565 текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 16700 мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында прокуратура органдары тарабынан 1108 текшерүү жүргүзүлүп, 2263 мыйзам бузуулар аныкталып, 1133 прокурордук чара көрүү актысы түзүлүп, 939 адам дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.

Балдар жөнүндө мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча 760 текшерүү жүргүзүлүп, 2092 мыйзам бузуулар аныкталып, 815 прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, 754 адам дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.

Башкы прокурордун айтымында, компенсациянын суммасы 1 миллиард 288 миллион 728 миң 128 сомду түздү, анын ичинен акчалай алганда — 193 миллион 219 миң 858 сом, натуралай — 1 миллиард 95 миллион 508 миң 270 сом.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх