Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаев: Абактагы каралар, кызылдар да мени сыйлашат

Мурдагы президент №8 колонияга которууну суранууда. Ал жерде карда жылаңаяк сүйрөбөйт деп үмүттөнөт

Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуясы боюнча соттук отурум болуп өттү.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Петровка айылындагы №8 ИКке которулууну каалап жатканын журналисттерге билдирди.

«Мени ал жакта карда жылаңаяк сүйрөп кетет деп ойлобойм», - деди ал. - Башаламандык азаят. Бул мен үчүн чечим эмес. Түрмө - түрмө. Мени кайда жиберсе, мен ошол жакка кетем. Мен №8 колонияга жөнөтүүнү сурандым, кызматкерлер мени менен сүйлөшүүдөн коркушат. Баардык категориядагы абактагылар мага жакшы мамиле кылышат. “Каралар” да, “кызылдар” да мени сыйлашат. Анын үстүнө мен көпчүлүктөн бир топ улуумун, мен үчүн алар баладай. Ооба, өкүнүчтүү. Эгер абактагылар кандай жашап жатканын билсеңиздер, 21-кылымдын шарттары такыр жок.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх