Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеште жаңы депутат Шайлообек Атазов ант берди

Адегенде бул округда Абдурахманхаджи Муртазалиев жеңип чыккан, бирок БШК аны шайлоодон четтетти

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов кесиптештеринин алдында ант берди.

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы Атазовду Жогорку Кеңештин жаңы депутаттыгына каттады. Бул округда алгач спортчу Абдурахманхаджи Муртазалиев жеңишке жеткен, бирок добуштарды сатып алуу фактылары боюнча БШК аны жарыштан четтеткен.

Парламент төрагасы Талант Мамытов Атазовго ийгиликтерди жана депутаттык креслодо жемиштүү иш каалады.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Биринчи Май жана Свердлов бир мандаттуу райондорунда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайталап шайлоо өткөн. Жыйынтыгында Биринчи Май районунда Эльвира Сурабалдиева, Свердлов районунда Абдурахманхаджи Муртазалиев жеңишке жетишти.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Муртазалиевдин талапкерлигин шайлоодон алып салуу чечимине келишкен. Буга чейин аталган округдагы бир нече талапкер талапкер шайлоочуларды сатып алды деп арызданышкан.

Ал ортодо Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Муртазалиев, тескерисинче, Шайлообек Атазов шайлоочуларды сатып алуу менен алек болгонун билдирди.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх