«Өмүр бою отургузгула, "уроды"! Бирок мени шылдыңдаганды токтоткула!" Атамбаев сот залынан чыгарылды (видео)
Экс-президент эмне үчүн жыйындар залында тартипти бузууга аргасыз болгонун түшүндүрдү
Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязов кайрадан Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Атамбаевдин өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, экс-президенттин адвокаттары судьядан аны интернет аркылуу суракка алууну кайрадан суранышкан, бирок алар четке кагылган.
Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө дарыгерлер анда үч грыжасы бар экенин жана невралгия деген диагноз коюшканын баса белгилеп, залдан чыгаруу үчүн сотто тартипти бузууга туура келгенин айтты.
«Мен отурам, колум тырышып жатат. Тез жардам келет, врачтар кабырга аралык невралгия деп жатышат. Мазактоо болуп саналат. Мага өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн бергиле "уроды"! Бирок мени кыйнап, шылдыңдаганды токтоткула!” – деп кыйкырган Атамбаев айнекти тепкилей баштады.
Жыйынтыгында мурдагы президент сот залынан чыгарылды. Соттук отурум саат 14:00гө жылдырылды.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын март айында Кой-Таш окуясы боюнча жыйында Атамбаевди күч менен сотко алып барышкан – ошол күнү ага тез жардам да чакырылган.
Элдос Казыбеков
Видео Vesti.kg