Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Октябрь окуясынын катышуучулары Сооронбай Жээнбековду камалышын талап кылууда (фото, видео)

Майып болуп калган төңкөрүштүн катышуучуларынын көбү азыркы бийликтин аракеттерине нааразы

Бишкектин Биринчи Май сотунун имаратынын жанында 2020-жылдын октябрь окуясынын катышуучуларынын митинги өтүүдө.

Демонстранттардын биринин айтымында, ага майып деген диагноз коюлган. Ал ошол күнү миңдеген кыргызстандыктар митингге чыккан экс-президент Сооронбай Жээнбековдун сотко чакырылбай жатканына нааразы.


Кошумчалай кетсек, жыйындын катышуучулары ИИМдин качып кеткен экс-жетекчиси Кашкар Жунушалиевди жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда.


Эске салсак, бүгүн Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуясы боюнча кезектеги соттук отурум өттү. Отурумдун жүрүшүндө экс-президент Алмазбек Атамбаев өмүр бою эркинен ажыратууну, бирок «мазактоону» токтотууну суранды.


«Мен отурам, колум тырышып. Тез жардам келет, врачтар кабырга аралык невралгия деп жатышат. Мазактоо болуп саналат. Мага өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн бергиле, жиндилер! Бирок мени кыйнап, шылдыңдаганды токтоткула!” – деп  кыйкырган Атамбаев  айнекти тепкилей баштады.

Элдос Казыбеков
Фото, видео Vesti.kg

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх