Депутаттар Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун диплому УКМКнын шектенүүсүн жаратты
Чекисттер БШКга тиешелүү маалыматтарды жөнөтүштү
УКМК дипломдордун аныктыгын текшерүү иштеринин алкагында Жогорку Кеңештин эки депутаты – Фархат Исмаиловдун («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) жана Фарходбек Алимжановдун («Альянс» фракциясы) жогорку билими тууралуу документтери боюнча БШКга маалымат берди. ).
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 59-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык: «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлана турган жаран КРнын жараны болуш керек, жашы 25 тен жогору болуш керек, жогорку кесиптик билими бар».
Тапшырылган материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте мыйзамга ылайык тиешелүү чечим кабыл алат.
БШКнын басма сөз кызматы
Сүрөт www