"Соттор- марионеткалар! " Алмазбек Атамбаев сот залында кайрадан чыр чыгарды (видео)
Экс-президент эгер анын жигиттери болбогондо Садыр Жапаров дагы деле абакта отура турганын белгиледи
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Октябрь окуясы боюнча сот отурумунан дагы бир жолу четтетилди. Сот процесси Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өтүүдө.
Экс-өлкө башчы өз сөзүндө колониянын башчысына медициналык кароодон өтүшү керек деген билдирүүгө көңүл бурбай калганын белгиледи.
«Алар мени симулянтка окшоштурууга аракет кылып жатышат», - деп ачууланды Атамбаев. «Октябрь окуясы боюнча бул соттук териштирүү жөн эле уят. Соттор марионетка ! Соке коркконунан гана бийликтен кетти. Жигиттерибизге рахмат айтышыбыз керек. Алар болбогондо Садыр дагы түрмөдө отурмак», - деди ал.
Ошондон кийин мурдагы президент акыркы отурумдагыдай эле артындагы тосмону тээп баштады. Судья жооп катары аны залдан чыгаруу чечимин чыгарды.
Сүрөт www