Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын вице-президентин кабыл алды

Шисинь Чэнь КРнын Министрлер Кабинетинин башчысына Кумтөргө иш сапарын уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Шисинь Чэнди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика тармагындагы эки тараптуу мамилелердин абалын жана анын өнүгүү келечегин талкуулады. Атап айтканда, энергиянын кайра жаралуучу булактарын, жашыл экономиканы өнүктүрүү, чакан ГЭСтерди куруу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу жана айыл чарба тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Маектештер өндүрүштүк ишкерлик жаатындагы жана аймактык кызматташтыкты жөнгө салуу, өндүрүштүк кубаттуулуктарды, электр линияларын реконструкциялоо жана куруу, транспорт жана жол инфраструктурасын илгерилетүү, мамлекеттик ипотекалык насыялоону өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, 8-апрелде Бишкекте Энергетикалык форум болуп өттү, анын натыйжасы боюнча энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү долбоорлорду өнүктүрүү боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Өз кезегинде Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Акылбек Жапаровго «Кумтөр» кенине сапар уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыргыз Республикасы Азия өнүктүрүү банкынын маанилүү өнөктөшү болуп саналат. Биз негизги маселелер боюнча, анын ичинде транспорт жана энергетика тармагында кабыл алынган милдеттенмелерибиздин алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө ниеттенүүдөбүз. Республиканын мындан ары өнүгүүсү боюнча так көз карашы жана пландары бар жана биз бул иш-чараларга активдүү катышууну каалайбыз»,- деп жыйынтыктады Шисинь Чэнь.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх