Акылбек Жапаров Кыргызстандын бардык айдоочуларын видеорегистраторлорду орнотууга милдеттендирүүнү чечти
Тиешелүү тапшырма буга чейин ИИИМ башчысына берилген. Норманы 2025-жылдан баштап киргизүү сунушталууда, бул унаа ээлерине бюджетти көрсөтүлгөн мөөнөткө пландаштырууга мүмкүндүк берет
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбековго республиканын аймагында катталган автоунааларды милдеттүү түрдө видеорегистраторлор менен жабдуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап чыгууну тапшырды.
Унааларды видеорегистраторлор менен жабдуу жол кыймылы катышуучулары арасындагы тартипти күчтөндүрүүгө, коомдук коопсуздукту чыңдоого мүмкүндүк берет, себеби, видеокамералардын саны жогорулап, тийиштүү түрдө, көпчүлүк укук бузуулар видеокамералар аркылуу катталып турат. Ошондой эле видеорегистратордогу жазуулар жол кырсыгынын себебин талдоодо маанилүү курал болуп берет.
Аталган ченемди 2025-жылга карай ишке киргизүү сунушталууда, бул унаа ээлерине көрсөтүлгөн убакытка чейин видеорегистратор алууга өз бюджетин пландаштырууга мүмкүндүк берет.
Министрлер кабинетинин маалымат кызматы
Фото www
Комментарии
my webpage: https://carinsurancetips3.z20.web.core.windows.net: https://carinsurancetips3.z20.web.core.windows.net/find-affordable-car-insurance-index-210.html