Чек арадагы атышуудан улам эвакуацияланган кыргызстандыктар үйлөрүнө кайтышты
Бир күн мурун Баткен районунун чек ара айылдарынан 17 миң жаран чыгып кеткен
Баткен жана Лейлек райондорунда чек арадагы ок атышуудан улам эвакуацияланган жергиликтүү тургундар үйлөрүнө кайта баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, бир күн мурун чек ара айылдарынан 17 миңден ашуун адам чыгып кеткен. Алардын айрымдары жакындарына жайгаштырылса, 708 айыл тургуну убактылуу жайгаштыруу борборлоруна жайгаштырылды. Бүгүн түшкө чейин 8687 адам үйлөрүнө кайтты.
Жарандарды эвакуациялоо үчүн 44 бирдик жарандык техника жана 80 куткаруучу тартылган.
Эске салсак, кечээ кечинде Баткен облусунда тажик чек арачылары атыша баштаган. Натыйжада эки адам жабыркаган. Эртең менен чек арада абал турукташып калган.
Сүрөт www