Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чиновниктер Чолпон-Атадагы сейил бакты көрктөндүрүү иштерин жүргүзүп жатып мамлекетке зыян келтиришти

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун жана Чолпон-Ата шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери кызматтык абалынан пайдаланып, аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалашкан

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан «Чолпон-Ата шаарындагы паркты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу» долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун дирекциясы тарабынан бөлүнгөн каражаттын мыйзамдуулугу текшерилди.
 
Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун жана Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын кызмат адамдары мамлекеттик кызыкчылыктарга каршы кызматтык абалынан пайдаланып, аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалоо жолу менен, аткарылган «Аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу» долбоорун кабыл алышкандыгы аныкталган. Чолпон-Ата шаарындагы сейил багына» зыян келтирип, мамлекетке 5 686 091 сом зыян келтирген.
 
Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.
 
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх