ТИМ Руслан Казакбаев тажик кесиптеши Сирожиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү
Министрлер чек ара аймагындагы ишеним чараларын бекемдөө жана калган аймактарды сыпаттоо боюнча биргелешкен ишти улантуу ниетинде
Бир күн мурун, 13-апрелде Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, аймактык коопсуздук маселелерин талкуулап, мындан аркы кызматташуунун келечегин белгилешти.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө жакынкы келечекте жогорку деңгээлдеги иш-чараларды, анын ичинде тараптардын компетенттүү органдарынын эки тараптуу жолугушууларын уюштуруу боюнча пикир алмашуу болду.
Министрлер мамлекеттик чек ара зонасында ишенимди чыңдоо чараларын күчөтүү жана мамлекеттик чек аранын калган тилкелерин сыпаттоо боюнча биргелешкен иштерди улантуу зарылчылыгы боюнча бир добуштан пикир алышты.
Мындан тышкары, министрлер Борбордук Азиянын мамлекет башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун, ошондой эле Бишкекте пландаштырылган «БА-ЕККУ кызматташтыгынын 30 жылдыгы» жогорку деңгээлдеги жолугушуунун алкагында боло турган тышкы саясий иш-чаралар боюнча пикир алышты.
Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгынын маселелерин талкуулоо үчүн үзгүлтүксүз байланыш түзүүнү макулдашты.
КРнын ТИМ маалымат департаменти
Сүрөт www