Бакыт Төрөбаев жазгы талаа иштеринин жүрүшү боюнча облус жетекчилери менен кеңешме өткөрдү
Президенттин аймактардагы өкүлдөрү министрлер кабинетинен үрөн себүүчү техникаларды, жеңилдетилген баада күйүүчү-майлоочу майларды, жер семирткичтерди сурады
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин башчысынын тапшырмасы менен президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жазгы талаа иштеринин жүрүшү боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба тармагынын актуалдуу маселелери талкууланды. Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жер-жерлерде жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат беришти.
Тактап айтканда, Ысык-Көл жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн жеткирүү кечеңдеп жатканы боюнча суроолор жаралып жатканы айтылды. Төрөбаев Айыл чарба министрлигине аймактарды керектүү көлөмдө үрөн менен тез арада камсыз кылууну тапшырды.
Ведомствонун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөнүн аймактары боюнча 4 миң 789,92 тонна айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү таратылды. Россиядан Кыргызстанга 164 вагон үрөн ташылат. Ошондой эле Казакстандан гуманитардык жардам катары 1 миң тоннага жакын буудай үрөнү алынып, аймактарга таратылды.
Талас районуна кант кызылчасынын үрөнүн себүүгө кошумча техника алып берүү өтүнүчү менен кайрылышты. Айыл чарба министрлигине бул маселени тез арада чечүү тапшырылды.
Күйүүчү-майлоочу майларды жеңилдетилген баада берүү өтүнүчү менен Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр кайрылса, жер семирткичтер боюнча Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан да ушундай эле өтүнүч айтылды.
Белгилей кетсек, аймактарга 5 миң тоннага жакын жер семирткичтер таратылды.
Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна жана Айыл чарба министрлигине күйүүчү-майлоочу майлар жана жер семирткичтер менен камсыздоо маселелерин тез арада чечүүнү тапшырды. Ошондой эле Айыл чарба министрлигине Өзбекстандан жер семирткичтердин экинчи партиясын алып келүүнү камсыздоо маселесин тездетүү тапшырылды.
Бакыт Төрөбаев ошондой эле «Айыл Банк» ААК жетекчилиги менен фермерлерди насыялоо жана айыл чарба кластерлерин өнүктүрүү программасын ишке ашыруу маселелери боюнча жыйын өткөрдү.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт www