Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев элди алдамчылардан коргоо үчүн криптовалюта эмне экенин активдүү түшүндүрүүнү сунуштады

Депутат шылуундардын курмандыгы болуп калган учурлар көбөйгөнүн белгиледи

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Экономика министрлиги менен Улуттук банктын өкүлдөрүн калк арасында криптовалюталар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.

«Өткөн жолу комитетте биз Улуттук банк электрондук акча боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт деп макулдашканбыз», - деп эскерет Дастан Далабаевич. - Калк арасында ар кандай “лохкоиндерди” саткан учурлар көбөйдү. Аларды биздин ишенчээк элибиз сатып алат. Анан эртең эле акчасын жоготуп, митингге чыга башташат. Ошондуктан, биз сизден комитетте сизден элге криптовалюта эмне экенин түшүндүрүп берүүнү суранганбыз, бирок азырынча мен сиз тараптан эч кандай иш-аракеттерди көргөн жокмун.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх