Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен облусунун жетекчисинин кеңешчиси мамлекеттик кызматта бир күн да иштебеген чиновникпи?

Мамытов өзгөчө статуска ээ болгон облус жетекчисине кандай кеңеш бере алат?

Талантбек Мамытов президенттик администрациянын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин кеңешчиси.
Ал жөнүндө эмне белгилүү?

Чиновник резюмесине ылайык, 2014-2019-жылдары Баткен мамлекеттик университетинин педагогика-экономика факультетинде дене тарбия адистиги боюнча билим алган. Күндүзгү бөлүмдө окуган.

Бирок редакцияга түшкөн маалыматка караганда, Мамытов окуп жүргөндө Бишкекте болуп, жеке транспорт менен алектенип жүргөн.

Чиновниктин резюмесинде губернатордун болочок кеңешчиси DriveTaxi ЖЧКсында эки жыл иштегени жазылган. 2015-2017-жылдары аталган ишканада менеджер, 2017-жылдан бери коммерциялык директор болуп иштеген. Кайсы анын такси кызматында иштегени тууралуу маалыматты тастыктайт, бирок башка өңүттө.


Мамытов кантип бир эле убакта Бишкекте иштеп, Баткендеги университетте күндүзгү бөлүмдө билим алганы белгисиз бойдон калууда.

ОсОО DriveTaxi өзү Исфана шаарында катталган. Ишкананын жетекчиси Азамат Пулатов. Ачык бюджеттин маалыматтарына ылайык, фирма тарабынан акыркы салыктык чегерүү 2016-жылы жасалган. Мамытов бул ишканада 2017-жылы коммерциялык директор болуп иштеген. Мамытовдун бул ишканада чындап иштегенин кандайдыр бир деңгээлде тастыктай турган кызматкерлер үчүн чегерүү болгонбу, аны тактоого мүмкүн болгон жок.

 

2020-жылы президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Лейлек районундагы жана Сүлүктүдөгү штабын жетектеген.

2021-жылдын жазында болочок аткаминер өзү “Замандаш” партиясынан Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлигин койгон.

Белгилей кетсек, БШКнын сайтында анын иштеген жери катары Милан туристтик компаниясы көрсөтүлгөн, ал 2005-2012-жылдары дизайнер болуп иштеген. Башкача айтканда, жеке делосунан резюмеден маалыматтар айырмаланат.


Шаардык депутат катары Мамытов 10 ай иштеп, андан кийин облус губернаторунун кеңешчиси кызматын ээлеген.

Мамлекеттик кызматчылардын реестринде кеңешчинин кызматы өзгөчө тартипте дайындалган патронаттык кызмат орундарына, негизги кызмат орду - мамлекеттик органдын жетекчисинин кеңешчисине теңештирилет.

Мамытовдун иш стажы бул кызматка коюлган квалификациялык талаптарга жооп береби? Албетте, мындай дайындоо суроолорду жаратат.

Белгилей кетсек, президенттик администрациянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси кызматы обладминистрацияда өзүнчө штаттык бирдик болуп саналат, б.а. Мамытовго бардык ыңгайлуулуктары бар өзүнчө иш бөлмөсү жана өлкөнүн салык төлөөчүлөрү эсебинен айлык маянасы берилет. 

Өз адистиги боюнча (дене тарбия мугалими) бир күн да иштебеген, мамлекеттик кызматта иштебеген Мамытов резюмесинде кантип Баткен областынын башчысынын кеңешчиси кызматына келген? Мамлекеттик башкаруунун маңызы, мамлекеттик аппараттын иши жөнүндө түшүнүгү жок адам ушундай кызматты ээлей алабы? Эмне үчүн облустун жетекчиси же кадр бөлүмү жумушка алууда талапкердин квалификациялык талаптарын текшерген эмес?

Белгилей кетсек, кеп Тажикстан менен чек арада жыл бою куралдуу кагылышуулар болуп, контрабанда жүрүп, мыйзамсыздык орун алган өзгөчө статуска ээ болгон аймак жөнүндө болуп жатат. Аткаминер Баткен облусунун жетекчисине аймакты өнүктүрүү же чыр-чатактарды чечүү боюнча кандай кеңеш бере алат?

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх