Экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова Эл аралык каржы корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушту
Жолугушууда КРда жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү боюнча министрлик менен (IFC) ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды
Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууга ошондой эле Борбордук Азиядагы консалтинг долбоорлору боюнча IFC программасынын координатору Тарик Шахович, Кыргыз Республикасынын жеке секторун өнүктүрүү боюнча IFC долбоорунун менеджери Сыйнат Арынова, бизнести жөнгө салуу боюнча адис Имелдин Радаслич, юридикалык консультант Наталья Долинская, жана бизнес-чөйрө саясаты департаментинин кызматкерлери.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү боюнча министрлик менен (IFC)ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды.
Долбоордун негизги максаттары - чакан жана орто ишканалардын туруктуулугун жогорулатуу, COVID-19 кризисинен кийин туризм секторун калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүү жана санариптик инфраструктурада чакан жана орто бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу.
Экономика министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт Экономика министрлигинин басма сөз кызматы