Москвада кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-жыйыны өттү
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык актуалдуу маселелери боюнча деталдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү
Москвада соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-жыйыны өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык актуалдуу маселелери боюнча тыкыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын жыйынтыгында макулдашууларга жетишилди.
Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу максатында гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча жол картасын даярдоо боюнча Энергетика министрлиги менен «Гидродолбоор институту» ААКнын эки тараптуу жумушчу тобун түзүү чечими кабыл алынды.
Жеңил өнөр жай товарларын ез ара сооданы кебейтуу максатында биз Россия Федерациясынын енер жай жана соода министерствосуна продукциянын ассортименти менен Кыргызстандын жецил енер жай ишканаларынын каталогун жиберууну макулдаштык.
Тараптар санитардык-эпидемиологиялык абалды эске алуу менен жакынкы аралыкта эки өлкөнүн ортосундагы темир жол жана автомобиль жүргүнчү ташууну жандандырууну чечишти.
Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу системасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында маалыматтык системалар боюнча кызматташуунун биринчи фазасынын алкагында киргизилген техникалык колдоо маселесин иштеп чыгуу боюнча эки айлык мөөнөттө макулдашууга жетишилди.
Маданий-гуманитардык жана билим берүү тармагына келсек, Россиянын ЖОЖдорунда Кыргызстандын жарандарынын билим алуу квоталарын 500 квотадан 700 квотага чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү макулдаштык.
Кыргыз Республикасынын иштеген жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жүрүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерин кеңири талкууладык.
Мамлекеттер аралык соода-экономикалык өнөктөштүктү активдештирүү жана товар жүгүртүүнү жогорулатуу максатында тараптар алдыдагы тогузунчу кыргыз-орус кеңешмесинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2022-2026-жылдарга экономикалык кызматташуу программасына кол коюуну чечишти. 8-10-июнда Екатеринбург шаарында аймактар аралык конференция.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ортосундагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду, анда финансы секторунда кызматташууну өнүктүрүү боюнча биргелешкен чараларды кабыл алуу каралган.
Мындан тышкары, тараптар комиссиянын 24-отурумун 2023-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүү боюнча макулдашышты.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Фото министрлер кабинетинин басма сөз кызматы