Байсалов кыргызстандыктарга: Жакшылыктан үмүт кылып, эки Жапаровго ден соолугун тилеңиздер
Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Акылбек Жапаровду сындаган көрө албастарды атады
Вице-премьер-министр Эдил Байсалов кыргыз элине кайрылуу жасап, Акылбек Жапаровду сындагандарды көрө албастык деп атады. Бул тууралуу чиновник Фейсбук баракчасына жазды.
«Акылбек Жапаровдун дарегине айтылган сындарды же ушактарды окуганда күлкүм келет. Бул инсан тууралуу эч нерсе билбестен аша чаап, көрө албастыгын жашыра албагандар көп.
Таланттуу, билимдүү, күнү-түнү министрлер кабинетинин башчысы, башкы вазир Акылбек Жапаровдун мамлекетибизге кызмат кылып жатканы эл үчүн бакыт. Мен көп айткым келет. Министрлер кабинетинин келгенине алты ай өттү. Алдыда чоң ийгиликтер күтүп турат.
Кыргыз элине айтаарым: жакшылыктан үмүт кылыңыздар, эки Жапаровдун ден соолугун тилеңиздер, бузуку карасанатайларды укпаңыздар!!! Баары жакшы болот!
Фото www