Бажы кызматкерлери дээрлик 13 миллион сомдук учактарды декларациялоо фактысын аныкташкан
Иштин материалдары Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди
Бажы кызматкерлери дээрлик 13 миллион сомдук учактарды декларациялоо фактысын аныкташкан.
2021-жылдын 26-июлунда жана 30-июлунда AVRO 146 RJ85 үлгүсүндөгү эки учак Пакистан-Бишкек авиакаттамы менен Кыргыз Республикасынын аймагына «А.М.Е.» ЖЧКсынын дарегине келгени аныкталган. Борттогу товардын баасы 12 971 063,27 сомду түздү.
ЕАЭБ мыйзамдарына ылайык, товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштыруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү каралган. Келгенден бери бул учактарга карата бажы операциялары жүргүзүлгөн эмес.
Бул факт КЖБРде катталган. Материалдар Башкы прокуратуранын карамагына өткөрүлдү.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз