Антонина Шевченко менен Кортни Кейси беттеши кийинкиге жылдырылды
Спортчу тизесинен жаракат алып, бул тууралуу Twitter баракчасына жазды
UFC мушкери Антонина Шевченко машыгуу учурунда тизесинен алган жаракатынан улам америкалык Кортни Кейси менен беттешин жылдырды.
«Тилекке каршы, 30-апрелде боло турган беттешимди башка күнгө жылдырууга туура келди. Мен абдан катуу машыгып, өзүмдү мыкты сездим. Бирок өткөн аптада машыгып жатып тиземден жаракат алдым», — деп жазган Шевченко социалдык тармакка.
Бактыга жараша операцияга муктаж болгон жок. Антонина физикалык терапиянын аркасында жакында кадимки абалына келерин убада кылды.
Шевченконун акыркы беттеши 2021-жылдын октябрь айында UFC Fight Night 193 турниринин алкагында австралиялык Кейси О'Нил менен болгон.Бул беттеште кыргызстандык спортчу атаандашына экинчи раундда техникалык нокаут менен жеңилип калган. Антонинанын эсебинде тогуз жеңиш жана төрт жеңилүү бар. Анын атаандашы Кортни Кейси он жеңиш жана тогуз жеңилүү эсебинде.
Михаил Готфрид
Сүрөт www