Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаңы президенттик комплекстин долбоору акыркы эмес

Мамлекет башчынын администрациясы плагиат боюнча айыптоолорго жооп кайтарды

«Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна курула турган жаңы административдик имараттын долбоору акыркы эмес. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Кыргызстандын президентинин иш башкармалыгынан билдиришти.

Коомчулукка сунушталган долбоор келечектеги комплекстин мүмкүн болгон концепцияларынын бири катары каралары такталган.

- Бул жөн гана концепция, комплекстин ички структурасынын мүмкүн болгон варианттарынын бири, - деп түшүндүрдү мамлекет башчынын администрациясында.

Эске салсак, кечээ социалдык түйүндөрдө жарандык активист Атай Бейшенбеков президенттик аппаратты плагиат деп айыптап, Садыр Жапаров бул тууралуу билеби же жокпу деп сураган.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх