Садыр Жапаров: Элдин тынчын алып, алагды кылбай, тынч иштетесинерби туугандар?
Президент Азербайжандан келгенден кийин атайын маек берерин айтты
Президент Садыр Жапаров Азербайжандан келгенден кийин атайын маек берерин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы Фейсбук баракчасына жазды.
«Мен бүт өлкө боюнча жүргүзүлүп жаткан бардык иштер тууралуу айтып берем. Элдин тынчын алып, алагды кылбай, тынч иштетесинерби туугандар? деп айтты президент билдирүүсүндө.
Жапаров өзүнүн постунда Уинстон Черчиллдин: «Чындык шымын кийсе, калп дүйнөнүн жарымын айланып өтөт» деп айткан.
Эске салсак, буга чейин өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу боюнча сынга жооп берген. Бийликтин жетишкендиктерин санап өттү. Тактап айтканда, ал ондогон мектептердин курулушун, бюджеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүүнү жана башкаларды эске салды. Султанбаев ошондой эле мамлекеттик машина мындан ары да ата мекендик экономиканы бекемдейт деген ишенимин билдирди.
Сүрөт www