Бүгүн Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги соттук отурум болот
Азырынча Алмазбек Атамбаевдин сотко алып келинери белгисиз
Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги сот отуруму болот. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
Анын айтымында, соттук отурум саат 12.00дө башталат.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Алмазбек Атамбаев Молдовановка айылындагы колонияга которулган. Буга чейин ал Бишкектеги No47 колонияда камакта болчу.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз