Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча Азия чемпионатында финалга чыкты
Финалда дагы бир кыргызстандык Үзүр Жузупбеков да күч сынашат
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча Азия чемпионатында финалга чыкты. Ал 60 килограммга чейинки салмакта күч сынашат.
Чейрек финалда Жоламан Шаршенбековдун атаандашы Монголиянын спортчусу Балжинням Цевинравдан болгон.
Кыргызстандык 8:0 эсебинде жеңишке жетти.
Жарым финалда мекендешибиз казакстандык Ернур Фидахметовду 6:1 эсебинде жеңип алды.
Кыргызстандык Үзүр Жузупбеков да финалга чыкты. Ал 97 килограммга чейинки салмак категориясында чыгат. Жузупбеков Индиянын өкүлүн 3:1 эсебинде утуп алды.
Дагы эки кыргызстандык балбан Калидин Асыкеев менен Адилхан Нурланбеков алгачкы беттештерде утулуп калды.
Эске салсак, Акжол Махмудов менен Тынар Шаршенбековдун алдында алтын медаль тагынган.
19-апрелден 24-апрелге чейин Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп, ага Кыргызстандын атынан 21 спортчу катышууда.
Сүрөт www