Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Илхам Алиев менен бетме-бет сүйлөшөт

Бакуда Кыргызстан менен Азербайжандын президенттеринин расмий жолугушуу аземи өттү

Бүгүн, 20-апрелде Баку шаарындагы “Загулба” президенттик сарайында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду.

Резиденциянын алдындагы аянтка Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинген. Өз ара саламдашуудан соң мамлекет башчылары ардак кароолдун ротасынын катарынын алдынан өтүштү.

Андан соң, Кыргызстан менен Азербайжандын гимндерин уккандан кийин Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты, андан соң ардак кароолдун ротасынын салтанаттуу маршы болду.
Расмий жолугушуу аземи аяктаган соң өлкө лидерлери тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөргө багыт алышты.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх