Атамбаев президент катары “хансарайды” эмес, жолдорду курганын эске салды
Экс-өлкө башчысы Кой-Таш окуясы боюнча сотко тез жардам унаасы менен жеткирилди
Экс-президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча сот процессине катышуу үчүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Атамбаевдин расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, экс-президентти ден соолугуна байланыштуу тез жардам кызматы алып кеткен.
Сотто мурдагыдай эле анын тарапташтары жана үй-бүлө мүчөлөрү Канат Сагымбаев, Ирина Карамушкина, Раиса Атамбаева жана башкалар катышууда.
Президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушуна байланыштуу чууларга комментарий берип жатып, Атамбаев мамлекет башчысы катары жолдорду курганын белгиледи.
Мындан тышкары, азыркы президент Садыр Жапаровдун иш-аракеттеринен көп катачылыктарды байкап жатканын, бирок «Аллах аларга акыл берсин» деген үмүтүн кошумчалады.
«Эң негизгиси, анын жакын санаалаштары аны көргө айдабашы керек», - деп эскертти Атамбаев.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Алмазбек Атамбаев Молдовановка айылындагы колонияга которулган. Буга чейин ал Бишкектеги No47 колонияда камакта болчу.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www