"Кыйроо болот". Президенттен жүргүнчүлөрдү ташууну лицензиялоону ИИМге өткөрүп бербөөнү суранышат
Ташуучулар ассоциациясы реформа коррупцияга алып келет деп кооптонууда
Жүргүнчүлөрдү ташуучулар ассоциациясы президент Садыр Жапаровдон жүргүнчүлөрдү ташууну лицензиялоо, көзөмөлдөө жана жөнгө салуу функциясын Ички иштер министрлигине өткөрүп берүүдөн баш тартууну өтүнөт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аталган бирикменин төрагасы Алтынбек Доспаев билдирди.
«Биз мамлекет тарабынан эч кандай колдоону сезбей жатабыз», - деп нааразы болду ал. «Республикада 16 миңге жакын ишкер ташуучулар иштейт, алар социалдык программалар менен катар жеңилдетилген категориядагы жүргүнчүлөрдү ташышат. Бишкекте мэриядан муниципалдык транспорттун 150 автобус жана 100 троллейбусу гана чыгат, Ошто муниципалдык транспорт таптакыр жок. Азыр республикада калктын 99 проценттен ашыгы жеке менчик жургунчулер транспорту менен тейленет. Ички иштер министрлиги уруксат берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн ордуна, тескерисинче, коррупциялык тобокелчиликтерди жараткысы келет.
Доспаев белгилегендей, лицензиялар ташуучуларга ишкердик менен алектенүүгө укук берет. Ички иштер министрлигинин буга эч кандай тиешеси жок.
«Ички иштер министрлиги жол эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөшү керек», - деди ал. Бул МАИчилер үчүн чоң жем болот,
айыптар жана жыйымдар жогорулайт. Жүк ташуучулар эгер лицензияларды Ички иштер министрлиги берсе, башка тармакка кетебиз деп айта башташты. Анда жүргүнчүлөрдү ташууда кыйроо болот.
Сүрөт www