Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тилек Токтогазиев: Айыл чарба министрлиги насыя ала турган компаниялардын тизмесин түзүү менен коррупциялык тобокелдиктерди күчөтүүдө

Экс-министр мындай тизмелер атаандаштыкты жана айыл чарбасын өнүктүрүүнү өлтүрөт деп эсептейт

Жакында Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева жеңилдетилген насыя дыйкандарга жетпей жатканын — аны чиновниктердин, депутаттардын компаниялары алып жатканын айтты.

Vesti.kg сайтынын редакциясы комментарий алуу үчүн экс-айыл чарба министри Тилек Токтогазиевге кайрылды.

«Биринчиден, быйыл акча кластерлер арасында бөлүштүрүлүп жатканын түшүнүү керек», - деди Токтогазиев. - Башкача айтканда, бардык каражаттар жалаң гана дыйкандарды насыялоого бөлүнбөйт. Кайра иштетүү тармагына басым жасалат. Бул туура багыт. Экспортко багытталган өндүрүштөрдү күчөтүү зарыл.

Бирок мурдагы чиновник Айыл чарба министрлигине насыя ала турган ишканалардын тизмесин түзүүгө каршы.

- Айыл чарба министрлиги саясий аныктоочу орган, бирок бул саясатты ишке ашырбай жатат, - деп түшүндүрдү экс-министр. - Насыя алуу үчүн компаниялардын тизмелерин түзүү туура эмес. Бул коррупциялык тобокелдиктерди күчөтүп, атаандаштыкты жок кылат. Ал эми акыркысы болбосо өнүгүү болбойт. Кошумчалай кетсек, бул тизмелерде айыл чарба продукциясын импорттоо менен алектенген компания бар. Импорттоочуга 150 миллион сом кредит берүү Кыргызстандын бюджетинин эсебинен башка өлкөлөрдө айыл чарбасын өнүктүрүү дегендик.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх