Бакыт Төрөбаев: Мени менен байланышы бар "Дан Юг" жана "Мариам Ош" компаниялары жеңилдетилген насыя алган эмес
Министрлер кабинетинин башчысынын орун басарынын айтымында, жалган маалыматка негизделген массалык маалымат каражаттарында хайп түзүү биздин жашообуздун көнүмүш адаты болуп калды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев социалдык тармактагы баракчасына жеңилдетилген насыялар мыйзамсыз бөлүштүрүлүп жатканы тууралуу кептерге комментарий берди.
Чиновниктин билдирүүсүндө төмөнкүдөй айтылат:
(орфографиялык пунктуация сакталган)
«Азык-түлүк коопсуздугу кластерине бөлүнгөн жеңилдетилген насыялар боюнча социалдык тармактарда тараган маалыматтарга келсек, мен кыскача айта кетейин, бул маалымат чындыкка дал келбейт жана жалган.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда, тилекке каршы, ишеничсиз маалыматтарга таянган медиа куугунтугун түзүү жашообуздун көнүмүш адаты болуп калды. Аттиң, көбүбүз фактыларды, ар кандай сөздөрдүн чын-төгүнүн текшербей туруп, коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн жаңылыктарды таратууга умтулабыз.
Мени менен байланышы бар «Дан Юг», «Мариам Ош» компаниялары аталган кредитти алышкан эмес.
Үч жума мурун негизги азык-түлүктүн баасы көтөрүлгөндө эл арасында ызы-чуу болуп, ун менен өсүмдүк майынын баасын турукташтырууга бул эки компания өз салымын кошкон.
Бүгүнкү күндө биз өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Бул үчүн фермерлерге жана ишкерлерге өнүгүү үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Менин жашоо кредом – бул саясаттын минимуму, максимум экономика!
Мен оозеки уруштарга киргим келбейт, бирөөгө бир нерсени далилдегим келбейт, анткени бул туура эмес.
Баарыбыз чогуу иштеп, мамлекетти көтөрүшүбүз керек!”, — деп жазган Бакыт Төрөбаев.
Сүрөт www