Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Венгриянын Премьер-министри Садыр Жапаровду өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы менен куттуктады

Виктор Орбан республикалар ортосундагы байланыш стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлгөнүнө кубанычта

Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду.

“2020-жылы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы байланыштарды стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрө алганыбызга кубанычтамын. Бишкекте Венгриянын элчилигинин жана Будапештте Кыргыз Республикасынын элчилигинин ачылышын венгер-кыргыз достук мамилелерин чыңдоонун негизи деп эсептейм.

Көптөгөн тармактарда, өзгөчө маданият, билим берүү, илим жана экономика маселелеринде өз ара кызыкчылыктарга негизделген биздин күч-аракетибиз менен биз мындан аркы олуттуу натыйжаларга жетише аларыбызга ишенем, буга түрк мамлекеттеринин Уюмунун алкагында биргелешкен иш да көмөктөшөт.

Венгрия эки тараптуу саясий, экономикалык жана соода мамилелерин өнүктүрүүнү жактайт деп ишендирем”, - деп айтылат куттуктоо катында.

Виктор Орбан Садыр Жапаровго бекем ден-соолук жана мындан аркы жооптуу ишинде албан ийгиликтерди каалады.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх