Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Медер Алиев: Салык органдары кассалык аппараттын зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүшү керек

Депутат америкалык бандит Аль Капоне сойкуканаларды кармаганы же адамдарды өлтүргөндүгү үчүн эмес, салык төлөөдөн качканы үчүн соттолгондугун эске салды

Жогорку Кеңештин “Ишеним” фракциясынын жыйынында ишкерлердин көзөмөл-кассалык машиналарды колдонуусу боюнча маселе каралууда.

Депутат Медер Алиев Салык кызматы ишкерлер арасында контролдук-кассалык машиналарды колдонуунун мамлекетке пайдасы тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүшү керек деп эсептейт.

«Кассалык машиналарды колдонуу азыркы учурда оор маселе жана саясий дивиденддерди алып келбейт», - деди Алиев. -Ошондуктан, депутаттар шайлоодон шайлоого чейин иштеп, бул тармакка тийбегенге аракет кылып жатышат. Ал эми мамлекеттин келечегин ойлогон эл өкүлдөрү ККМди колдонуу зарылдыгын айтышы керек. Салык кызматы кассалык машинанын пайдасы тууралуу түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүшү керек.

Мындан тышкары, эл өкүлү салык саясаты адилеттүүлүккө, мыйзам алдында бардыгы тең укуктуулукка негизделиши керектигин белгиледи.

"АКШда Аль Капоне сойкуканаларды кармаганы же адамдарды өлтүргөндүгү үчүн эмес, салык төлөөдөн качканы үчүн соттолду", - деп эскерет парламентарий. Анткени салык төлөөдөн качуу мамлекеттин экономикалык коопсуздугуна коркунуч келтирет. Демек, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн салык төлөнүшү керек деген түшүнүктү киргизүү керек. Мында калыстык принциптери сакталышы керек. Башкалар төлөп жатканда, жеке адамдарга салыктарды төлөөдөн качуунун жолдорун табууга уруксат бербеш керек.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх