Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды
Финалдык беттеште кыргызстандык япониялык спортчуга биринчиликти бошотуп берди
Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды.
Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.
Чейрек финалда кыргызстандык Монголиянын спортчусун 7:3 эсебинде жеңип алды. Жарым финалда Тыныбекова өзбекстандык спортчу менен беттешип, 6:0 эсебинде жеңишке жетти.
Финалда кыргызстандык жапониялык Нонока Озаки менен кез келип, ага 9:1 эсебинде жеңилип калды.
Тыныбекованын медалы Кыргыз курама командасынын казынасындагы тогузунчу медаль болуп калды.
Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, кыз-келиндер күрөшү боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону.
Эске салсак, буга чейин Акжол Махмудов, Тынар Шаршенбеков жана Жоламан Шаршенбеков алтын медаль тагынышкан.
Кыз-келиндер күрөшүндө мекендешибиз Айпери Медет кызы алтын, Мээрим Жуманазарова күмүш байгеге ээ болду.
Жалпысынан Азия чемпионатында Кыргызстандын атынан 21 спортчу катышууда. Мелдештер 19-апрелден 24-апрелге чейин Улан-Батор шаарында өтөт.
Сүрөт www